
|
||
|
Мыйзамдардын жыйнагы тууралуу маалымат (2013-жылдын 7-октябрынан 12-октябрына чейин)
«Россия Федерациясынын аймагындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын - эмгек мигранттарын мыйзамдуу ишке орноштуруу, социалдык жана пенсиялык камсыздоо максатында «бирдиктүү терезе» тутумундагы мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-октябрындагы № 550 токтому
Бул токтом менен Эмгек мигранттарынын социалдык жана пенсиялык жактан толук камсыздалуу укуктарын камсыздоо механизмин ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, алардын жумушка орношуусу үчүн шарттарды жакшыртуу жана мыйзамсыз эмгектик миграциянын маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 53-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын - эмгек мигранттарын мыйзамдуу ишке орноштуруу, социалдык жана пенсиялык камсыздоо максатында «бирдиктүү терезе» тутумундагы мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобо бекитилген. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 2013-жылдын 8-октябрындагы № 82 «Эркин Тоо» гезитинде жарыяланган
МТ «ПАРАГРАФ», * ПАРАГРАФ WWW - документти ачыңыз
2017-жылга чейин Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоонун артыкчылыктуу багыттарын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-октябрындагы № 549 токтому
Ушул токтом менен Өзгөрүп жаткан климатка Кыргыз Республикасынын экологиялык-экономикалык тутумдарын адаптациялоо жана Климаттын өзгөрүшү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык конвенциясы боюнча эл аралык милдеттенмелерди аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин жетекчиликке алып, 2017-жылга чейин Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоонун артыкчылыктуу багыттары бекитилген. Аталган токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 2013-жылдын 4-октябрындагы № 81 «Эркин Тоо» гезитинде жарыяланган
МТ «ПАРАГРАФ», * ПАРАГРАФ WWW - документти ачыңыз
Суу пайдалануучулар ассоциациялары жана ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелери алган мамлекеттик заёмдук каражаттарды кайтаруу менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүү боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-октябрындагы № 548 токтому
Ушул токтом менен Айыл жергесиндеги жашоочуларды суу менен камсыз кылуу жана «Айылды суу менен жабдуу жана санитария», «Калктуу конуштардын деңгээлинде инфраструктуралык кызматтарды көрсөтүү», «Айыл чарбасын региондордо өнүктүрүү» жана «Ички чарбалык сугат» долбоорлору боюнча эл аралык финансы институттары бөлүп берген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мурда рекредиттелген, Ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелери (мындан ары - ИСКАКБ) жана Суу пайдалануучулар ассоциациялары (мындан ары - СПА) тарабынан алынган кредиттердин кайтарылышын камсыздоо менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдына бир катар маселелер коюлган. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 2013-жылдын 4-октябрындагы № 81 «Эркин Тоо» гезитинде жарыяланган
МТ «ПАРАГРАФ», * ПАРАГРАФ WWW - документти ачыңыз
Бишкек шаарында 2013-жылдын 10-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы туризм чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-октябрындагы № 537 токтому
Токтом менен Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Бишкек шаарында 2013-жылдын 10-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы туризм чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуунун 10-беренесине ылайык ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында, Бишкек шаарында 2013-жылдын 10-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы туризм чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуусу бекитилген. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 2013-жылдын 4-октябрындагы № 81 «Эркин Тоо» гезитинде жарыяланган
МТ «ПАРАГРАФ», * ПАРАГРАФ WWW - документти ачыңыз
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы «2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндө» Жарлыгына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 27-сентябрындагы № 194 Жарлыгы
Бул Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 «2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндө» Жарлыгына толуктоолор жана өзгөртүү киргизилген. Аталган Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 2013-жылдын 1-октябрындагы № 80 «Эркин Тоо» гезитинде жарыяланган
МТ «ПАРАГРАФ», * ПАРАГРАФ WWW - документти ачыңыз
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында биологиялык активдүү кошундулардын (БАКтардын) таркатылышына тыюу салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 549 буйругу
Буйрук менен Азыркы мезгилде саламаттык сактоо уюмдарында медицина кызматкерлери биологиялык активдүү кошундуларды (БАК) сатуу фактылары байкалууда. Көп учурда БАК дайындоо клиникалык протоколдо жана клиникалык колдонмодо сунуштаган дарылоого альтернатива катары жүргүзүлүүдө,«Дары каражаттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4- жана 44-беренелерин ишке ашыруу максатында, Республикалык, облустук, шаардык, райондук саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери, Бишкек ш. Саламаттык сактоо департаментинин алдына бир катар маселелер коюлган.
МТ «ПАРАГРАФ», * ПАРАГРАФ WWW - документти ачыңыз
Эскертүү *: Эгерде документ ачылбай жатса, «ПАРАГРАФ» МТн жаңыртыңыз.
Материал «ADVISER» компаниясынын адистери тарабынан даярдалган Бишкек ш., Ахунбаев көч,119А, 4
кабат, 419 бөл.
|