
|
||
|
||
|
Мыйзамдардын жыйнагы тууралуу маалымат (2013-жылдын 23-сентябрынан 27-сентябрына чейин)
Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 токтому
Бул токтом менен Үзгүлтүксүз автобустук каттамдарда жана ошондой эле автоунаа транспортунда жүргүнчү ташууну уюштурууну жана тейлөөнү жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун убактылуу эрежелери бекитилген. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 2013-жылдын 27-сентябрындагы № 79 «Эркин Тоо» гезитинде жарыяланган
МТ «ПАРАГРАФ», * ПАРАГРАФ WWW - документти ачыңыз
2014-жылда түшүм алуу үчүн кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүнү уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-сентябрындагы № 517 токтому
Токтом менен 2014-жылда түшүм алуу үчүн кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүнү уюшкандыкта жана өз убагында өткөрүү үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөргө жагымдуу шарт түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги тарабынан 2014-жылда түшүм алуу үчүн кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүнүн айдоо аянттарынын сунушталган түзүмү бекитилген. Аталган токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 2013-жылдын 24-сентябрындагы № 78 «Эркин Тоо» гезитинде жарыяланган
МТ «ПАРАГРАФ», * ПАРАГРАФ WWW - документти ачыңыз
Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу чаралары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-сентябрындагы № 516 токтому
Ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 2-июнундагы № 2195-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын биринчи этабын ишке ашыруунун иш-чараларынын тизмеги мамлекеттик программаны ишке ашырууга карата 2013-2016-жылдарга иш-чаралар планы бекитилген. Жогоруда аталган токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 2013-жылдын 27-сентябрындагы № 79 «Эркин Тоо» гезитинде жарыяланган
МТ «ПАРАГРАФ», * ПАРАГРАФ WWW - документти ачыңыз
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин мамлекеттик кызматкерлеринин коррупцияга каршы жүрүм-турумдарынын Стандартын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2013-жылдын 16-сентябрындагы № 195 буйругу
Бул буйрук менен Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясы жөнүндө» 2012-жылдын 2-февралындагы № 26 Жарлыгына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин мамлекеттик кызматкерлеринин Коррупцияга каршы жүрүм-турумдарынын стандарты» бекитилген.
МТ «ПАРАГРАФ», * ПАРАГРАФ WWW - документти ачыңыз
«Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дыйканбаев Казы Дыйканбаевич атындагы дипломатиялык академиясы» мекемеси жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 512 токтому
Токтом менен «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дыйканбаев Казы Дыйканбаевич атындагы дипломатиялык академиясы» мекемесинин ишинин натыйжалуулугун андан ары жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 87-беренесине, «Билим берүү жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дыйканбаев Казы Дыйканбаевич атындагы дипломатиялык академиясы» мекемесинин уставы бекитилген. Жогоруда аталган токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 2013-жылдын 17-сентябрындагы № 76 «Эркин Тоо» гезитинде жарыяланган
МТ «ПАРАГРАФ», * ПАРАГРАФ WWW - документти ачыңыз
«Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык: бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-августундагы № 475 токтому
Ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылган.
МТ «ПАРАГРАФ», * ПАРАГРАФ WWW - документти ачыңыз
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу муниципалдык органды аныктоо жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Мыйзамын ишке ашыруудагы айрым маселелер жөнүндө Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясынын 2013-жылдын 2-августундагы № 232 токтому
Токтом менен Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Мыйзамын ишке ашыруу, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин натыйжалуу жайылтуу максатында, Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиги - Бишкек шаары боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү бирдиктүү ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталган жана Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттигине бир катар укуктар берилген.
МТ «ПАРАГРАФ», * ПАРАГРАФ WWW - документти ачыңыз
Эскертүү *: Эгерде документ ачылбай жатса, «ПАРАГРАФ» МТн жаңыртыңыз.
Материал «ADVISER» компаниясынын адистери тарабынан даярдалган Бишкек ш., Ахунбаев көч,119А, 4
кабат, 419 бөл.
|